Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 11:54

АКШ Сенатынын Өкүлдөр Палатасы шайлоодо почтаны каржылоону колдоду


Президенттикке талапкер Жо Байден.

Сенаттын демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр Палатасы президенттик шайлоо учурунда үзгүлтүксүз иштеши үчүн почта кызматына 25 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Ага ылайык, почта тармагы шайлоодо добуш берүү бюллетендерин шайлоочуларга жеткирет.

«Америка үчүн жеткирүү кызматы тууралуу» мыйзам долбоорун 257 конгрессмен колдоду. 150сү каршы чыкты.

Ал эми республикачылар басымдуулук кылган Сенат почта аркылуу добуш берүүгө каршы чыкты. Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл «мыйзам өтпөй» турганын айтып, президент Трампты мыйзамга «вето коюуга» чакырарын билдирди.

Президент Трамп буга чейин да бул мыйзамга каршы экенин бир нече жолу кайталаган. Ал почта аркылуу добуш берүү шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берет деп билдирген.

АКШдагы президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Ага Демократиялык партиядан Жо Байден менен учурдагы республикачы президент Дональд Трамп катышат.

XS
SM
MD
LG