Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

COVID-19: АКШда плазма менен дарылоого уруксат берилди


Коронавируска чалдыккандарды дарылаган Хьюстондогу оорукана.
Коронавируска чалдыккандарды дарылаган Хьюстондогу оорукана.

АКШда коронавирус менен ооругандарды бул илдеттен айыккандардын кан плазмасы менен дарылоого уруксат берилгенин президент Дональд Трамп Ак үйдөгү брифинг маалында билдирди.

Ал бул маалыматты республикачылардын жыйынын утурлай жарыялады. 24-августта баштала турган жыйында Трамп ноябрда өтчү президенттик шайлоого талапкер катары расмий көрсөтүлөт.

Коронавирус АКШда 175 миңден көп адамдын өмүрүн алып, экономиканы кризиске алып келди. Ушундан улам Трамп ар кандай сынга көп кабылууда.

Адистердин айтымында ооруп айыккандардын плазмасы башкаларды өлүмдөн сактап калышы мүмкүн. Бирок анын чыныгы натыйжалуулугу далилдене элек.

Кошмо Штаттардын Азык-түлүк жана дары-дармек коопсуздугу боюнча агенттигинин башкы илимий кызматкери Дениз Хинтон «Бизге айыгып чыккандардын плазмалары тууралуу маалыматтар үмүт берип жатат», - деп айтты. Ал ошондой эле бул багытта иликтөөлөр уланарын кошумчалады.

Агенттик өтө оор абалдагы бейтаптарга плазма куюуга уруксат берген. АКШда ушул тапта коронавирус менен ооруп жаткан 70 000дей бейтапка оорудан айыккандардын плазмасы куюлган.

Плазма коронавирус менен ооруп айыккан, антиденечелерге бай адамдан алынат.

Трамптын администрациясы коронавируска каршы вакцинаны ойлоп табууга миллиарддаган долларларды бөлгөн.

XS
SM
MD
LG