Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Жалал-Абаддын тургунун ээн жерге алып барып тоногондор кармалды


Шектүүлөрдөн алынган тапанча.

Жалал-Абаддын Сузак районунун 26-28 жаштагы үч тургуну бейтааныш адамды көчөдөн автоунаага салып кетип, тоногондон соң ээн жерге калтырып кеткен деген шек менен кармалды.

Милициянын маалыматына караганда, алар 19-августта жергиликтүү 28 жаштагы тургунду машинеге салып кетип, эч ким жок жерге алып барышкан. Жалпы баасы 45 миң сомдук эки чөнтөк телефонун тартып алып, изин жашырышкан.

Окуя 19-августта Жалал-Абад шаарында болгон. Жабырлануучуну төрт киши «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү машинеге салып кеткен.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 24-августта кабарлагандай, тонолгон адам жазган арыздын негизинде кылмышка шектүүлөрдүн үчөө колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын үстүнөн Жазык кодексинин 201-беренеси («Тоноо») менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Милициянын маалыматында кармалгандардан далил катары тапанча жана телефондор алынган.

Расмий маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 2020-жылдын жети айында 62 тоноо фактысы катталып, 48инин бети ачылган. Беш каракчылык фактысы катталып, үчөөнүн бети ачылган.

XS
SM
MD
LG