Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Тажикстанда партиялар президенттикке өз талапкерлерин көрсөтүшүүдө


Рустам Рахматзода. 24-август, 2020-жыл.

Тажикстанда партиялар 11-октябрда өтчү президенттик шайлоого өз талапкерлерин көрсөтө башташты.

24-августта «Тажикстандын экономикалык реформалары» партиясы өз төрагасы Рустам Рахматзоданы (Кудратовду) көрсөттү.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Рустам Рахматзода алгачкы ирет президенттик шайлоого катышууда.

Буга чейин Агрардык партия Рустам Латифзоданы, социалисттер Абдухалим Гаффоровду, ал эми Демократиялык партия Саидджафар Усмонзоданы көрсөткөн.

Коммунисттер партиясы жана бийликтеги Элдик-демократиялык партия азырынча талапкерлерин тандай элек.

Айрым байкоочулар бийликтеги партия азыркы президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалинин талапкерлигин көрсөтөрүн боолголоп жатышат.

Бул эгемен Тажикстандын тарыхындагы алтынчы президенттик шайлоо. Мурдагылардын баарында Эмомали Рахмон жеңген.

Тажикстанда президент жети жылга шайланат. Талапкер жогорку билимдүү, мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн, өлкөдө он жылдан кем жашабаган, жашы 30дан жогору болуш керек.

XS
SM
MD
LG