Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Кара-Сууда 81 жаштагы карыяны тепкилеген деп шек саналган адам кармалды


Кылмышка шектүү.
Кылмышка шектүү.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 81 жаштагы карыяны тепкилеп, сабаган деп шек саналган жаран кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, 25-августта үйүнөн кармоо учурунда шектүү качып кетүүгө аракет кылган. Милиция кызматкери денесинен жараат алган.

Окуя боюнча Жазык кодексинин 355-беренесинин («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») негизинде сотко чейинки териштирүү башталды. Шектүү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы кабарланды. Ал сүйлөй албагандыктан жаңсоо тилин билген адис тергөөгө көмөктөшүп жатат.

18-августта Кара-Суу районунун Савай айылынын 81 жаштагы тургуну денесинен жаракат алып жергиликтүү ооруканага кайрылган. Ошол эле күнү анын сабалганы белгилүү болгон. Фактыны райондук милиция Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык, зомбулук») менен бирдиктүү реестрге каттап, сотко чейинки териштирүү ишин баштаган.

Кылмышка шектүү буга чейин Жазык кодексинин 164-165-беренелери менен («Жашы жете элек адам менен жыныстык мүнөздөгү аракеттер, ыплас аракеттер») үч жолу соттолгону айтылды. (DU)

XS
SM
MD
LG