Эртең, 30-августта Кыргызстандын көпчүлүк райондорунда жаан жаайт. Кээ бир аймактарда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;
Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30.
Борбор калаа Бишкек шаарында түнкүсүн 14...16, күндүз 28...30 градус ысык болот.