Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Биринчи ындыкыра аял-астронавт космоско учат


Америкалык астронавт Женетт Эппс, 30-сентябрь, 2009-жыл
Америкалык астронавт Женетт Эппс, 30-сентябрь, 2009-жыл

Америкалык астронавт Женетт Эппс Эл аралык космос станциясына эки кесиптеши менен эмдиги жылы учат. Ал космос станциясына барган алгачкы ындыкара аял болуп калмакчы.

49 жаштагы Эппс алты айлык экспедицияга барарын НАСА космос агенттиги ушул жумада жарыялады.

Аэрокосмос тармагында докторлукту 2000-жылы жактаган Эппс биринчи жолу космоско учат.

Алгач 2018-жылы космоска камынып, бирок кийин НАСА себебин түшүндүрбөстөн аны башка астронавтка алмаштырып койгон.

Америкалык аэрокосмос өндүрүшү «Шаттлдын» ишмердүүлүгүн 2011-жылы токтоткондон бери эл аралык станцияга каттай турган жаңы кеме жасоо аракетинде. НАСА америкалык астронавттарды эл аралык космос станциясына жеткирүү үчүн орусиялык ракеталарды колдонуп келет.

Быйыл майда Илон Масктын "SpaceX" компаниясы алгачкы ирет "Crew Dragon" кемеси менен астронавттарды Эл аралык станцияга жеткирди.

XS
SM
MD
LG