Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жайкы эс алуусу аяктады


Жогорку Кеңештин депутаттарынын жайкы эс алуусу аяктады. 1-сентябрда кезектеги сессия ачылары расмий кабарланган.

Парламент өкүлдөрүнүн эс алуудан кайткан убагы кезектеги шайлоого даярдык кызып, көпчүлүк депутаттар мурда мүчө болгон партиясынан чыгып, экинчисине мүчө болгон учурга туш келди.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтү бир айдан соң аяктап, 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо болот. Азыркы депутаттардын көбү кийинки чакырылышка да ат салышарын жарыялашкан. Алар 4-сентябрдан тартып бир айлык үгүт менен алек болушат.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 30-июнда тыныгууга тарап, 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышы керек. Августта алар эмгек өргүүсүнө чыгышат. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG