Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

COVID-19: Орусияда ооругандар бир миллион адамдан ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий маалыматка ылайык, Орусиянын 85 аймагында COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 1-сентябрга карата 1 000 048 миң адам болду. Коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штаб оорудан 17500дөй бейтап көз жумганын билдирди.

Акыркы бир күндүн аралыгында оору дагы 4729 адамдан аныкталды жана көрсөткүч өткөн айдын аягына караганда төмөндөй баштады. Бир суткада 123 бейтап көз жумду.

Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн аптада өз өлкөсүндө оорунун экинчи толкуну болбойт деп үмүттөнөрүн айткан жана илдет кеңири жайылган учур өтүп кеткенин билдирген. Путин буга натыйжалуу чаралар себеп болгонун белгилеген.

Өлкөдө 1-сентябрдан тартып март айында карантинге жабылган мектептер, жогорку окуу жайлары кайра ачылды. Өлкө боюнча 17 миллион окуучу сабакка барды. Билим берүү министрлиги бир бөлмөдөн көчпөй окуу, окуучулардын дене табын маал-маалы менен текшерип туруу өндүү сактык чаралары киргизилгенин билдирди.

XS
SM
MD
LG