Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Президент Трамп Кеноша шаарына барды


Президент Дональд Трамп Кеноша шаарында. 1-сентябрь, 2020-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп каршылык акциялары өтүп жаткан Висконсин штатынын Кеноша шаарына барды. Ал 1-сентябрындагы бул сапарында «Мыйзам жана тартип» аттуу ураанына басым жасап, тополоң менен коштолгон акциялар үчүн демократтарды сынга алды.

23-августта Кеношада полиция кызматкерлери афроамерикалык жаран Жейкоб Блейкти кармаганга аракет кылып, анын арка жагына жети жолу ок аткан. Үй-бүлөсү Блейктин белинен ылдыйкы бөлүгү кыймылдабай жатканын билдиришти. Өткөн аптада бул окуяны айыптаган нааразылык акциялары башамаландык, талоончулук менен коштолуп, шаарда автоунаалар, имараттар өрттөнгөн.

Трамп Кеношадагы каршылык акцияларында зыян тарткан 30дай бизнес объектилерин кыдырып, федералык өкмөттүн жардамынан баш тартканы үчүн Висконсин менен Кеноша шаарынын демократ жетекчилерин сындады.

«Бул тынч демонстрация эмес, бул чынында ички террор», - деди Трамп.

Ал Кеношадагы сапарында полициянын огунан жарадар болгон Блейктин үй-бүлөсү менен жолуккан жок.

31-августта демократтардын талапкери Жо Байден Пенсилваниядагы кайрылуусунда президент Трампты «саясий зомбулукту козутту» деп күнөөлөгөн эле. Висконсиндин губернатору президентти аймакка келбей турууга чакырган болчу

XS
SM
MD
LG