Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 14:09

Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында калды


Алмазбек Атамбаев тарапкерлери менен Кой-Ташта. Чүй облусу. Август, 2019-жыл.

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында калтырылды.

Мындай чечимди бүгүн, 2-сентябрь күнү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Алмазбек Атамбаев менен чогуу Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Кундуз Жолдубаева билдирди:

"Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясы боюнча бөгөт чарасы каралбаптыр. Ал эми Азиз Батукаевдин иши боюнча сот чечими күчүнө киргендиктен, Алмазбек Атамбаев №1 тергөө абагына которулмак. Бүгүнкү соттук отурумда прокурорлор соттон Атамбаевдин бөгөт чарасын кароону өтүнүштү. Судья Майрамбек Сыдыков Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында калсын деп чечим кылды".

Мурдараак Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев аны №1 тергөө абагына которуу аракети көрүлүп жаткан соцтармактагы баракчасына жазган.

Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.

Атамбаев 2019-жылдын 7-8-августунда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталып кармалган, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG