Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга төрт партияны расмий каттады.
Алар - «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы», «Бир Бол», «Замандаш» жана «Ата Мекен» партиялары.
Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери артка кайтарылып, бирок аталган партия сотто БШКны утуп алды.
БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү жараянын 3-сентябрда аякташы керек. 4-сентябрда үгүт башталат.
120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. (SE\TSh)