Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:11

Трамп Алексей Навальныйдын ууланышы боюнча пикирин билдирди


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный Орусиядан чыккан "Новичокко" окшош зат менен ууландырылган деген Германиянын өкмөтүнүн бүтүмүнөн күмөн саноого негиз жоктугун айтты.

Бул тууралуу Трамп Вашингтондо өткөн басма сөз жыйында билдирди. Анын айтымында, АКШ азырынча Навальныйдын ууланышы боюнча Берлинден тиешелүү документтерди ала элек. Документтер жакынкы күндөрдө келип, кылдат каралып чыгат.

4-сентябрда АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын Америкадагы элчиси Анатолий Антоновду чакырган. Мамлекеттик катчынын орун басары Стивен Бигэн Навальныйдын айланасындагы окуяларга Вашингтон олуттуу тынчсызданып жатканын билдирген.

2-сентябрда Германия орус президенти Владимир Путиндин башкы каршылашы Алексей Навальный «Новичок» тобуна кирген, нервди шал кылчу зат менен ууландырылганын жарыялаган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Батыш өлкөлөрүн кандайдыр бир тыянак чыгарууга шашылбай турууга чакырган.

44 жаштагы Навальный 20-августта уулануунун белгиси менен Омск шаарындагы ооруканага жаткырылып, бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

XS
SM
MD
LG