Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Хабаровск: Фургалдын тарапкерлеринин нааразылык акциясы уланды


Фургалдын тарапкерлери нааразылык акцияларынын биринде Беларуска тилектештик билдиришкен. 22-август, 2020-жыл.
Фургалдын тарапкерлери нааразылык акцияларынын биринде Беларуска тилектештик билдиришкен. 22-август, 2020-жыл.

Орусиянын Хабаровск шаарынын камакка алынган мурдагы губернатору Сергей Фургалдын тарапкерлери 5-сентябрда да нааразылык акциясын улантышты. Акциянын катышуучулары 2000-жылдардын ортосунда ишкерлердин өлүмүн уюштурган деген айып менен камалган Фургалды бошотууну талап кылышты.

«Сибирь.Реалии» сайтынын кабарчысынын билдирүүсүндө, ишембиде митингге чыккандар эки миң адамга чукулдады. Шаардык бийлик митингге миңдей адам катышканын билдирди.

Хабаровск аймактык администрациясынын алдындагы акциядан кийин катышуучулар шаардын борборунда, башкы көчөлөрдө жөө жүрүш уюштурушту. Полициянын киши өткөн жолдорду бошотуу тууралуу талабын катышуучулар аткарган жок.

Митингчилер аймактык жана федералдык бийликке кайрылып, Фургалды жана саясий туткундарды бошотууга, активисттерди куугунттуктоону токтотууга чакырышты. Акцияда «Путин кызматтан кетсин!», «Эркиндик!» деген ураандар жаңырды.

Жүрүштөн кийин акцияга чыккандардын бир тобу Хабаровск шаарынын мэриясынын алдына келип, калаанын жетекчиси Сергей Кравчуктун кызматтан кетишин талап кылды.

Мэрия активисттер менен 70 миң киши катыша турган митинг өткөрүүнү макулдашты. Кийинки ишембиге белгиленген иш-чара Фургалдын тарапкерлеринин биринчи жолку уруксат берилген митинги болуп калат.

Акциялар Сергей Фургал 15 жыл мурдагы киши өлтүрүү ишине байланыштуу айыпталып, 9-июлда камалгандан кийин башталган. Фургал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Ал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, 2018-жылкы шайлоодо жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири эле.

XS
SM
MD
LG