Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32
«Бүтүн Кыргызстан» БШКны соттон утуп алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

«Бүтүн Кыргызстан» БШК каттоодон өткөрдү

БШК «Бүтүн Кыргызстанды» каттоодон өткөрдү

10:31 10.9.2020

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) соттон утуп алып, шайлоого катышууга расмий катталды.

3-сентябрда Боршайком «талапкерлерин аныктоодо эреже бузган» деп таап, «Бүтүн Кыргызстанды» каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» катары баалап, Бишкектин административдик сотуна арызданган.

Сот отуруму 9-сентябрда саат 11де башталып, дээрлик он сааттай созулду. Сот имаратынын жанында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын ондогон тарапкерлери “акыйкат чечим” деп кыйкырып турушту. Чогулгандар соттон калыстыкты талап кылышты.

Шайлоого катышууга расмий каттоодон өткөн Социал-демократтар жана “Реформа” партияларынын айрым өкүлдөрү “Бүтүн Кыргызстанды” колдоп келишти.

Нааразылык акциясында Социал-демократтар партиясынын өкүлү, мурдагы элчи Кылычбек Султан мындай деди.

«Кайсы партиядан болбойлу акыйкатсыздык болгон жерде баарыбыз бирге туралы. Бул партия жагабы же жакпайбы маанилүү эмес. Эң маанилүүсү - бул адилеттүүлүктү талап кылуу» , - деди Кылычбек Султан.

Сот отурмун видеого тартууга тыюу салынып, аудиону түз алып берүүгө уруксат берилген жок. Тараптар өз жүйөлөрүн айткандан кийин судья Анар Эгембердиева кеңешүүгө кетип, бир нече сааттан кийин сот чечими менен тааныштырды.

«"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын».

Сот чечимин партиянын лидери Адахан Мадумаров "мыйзамдуу чечим" деп атады. Ал "Азаттыктын" кабарчысынын "сиздин оюңузча, сотко бийлик аралаштыбы же жокпу?" деген суроосуна мындайча жооп кайтарды.

«Бул ишке бийлик аралашып же аралашпаганы тууралуу айта албайм. Бирок Бишкектин административдик сотунун биздин доо арызды канааттандырган чечими - мыйзамдуу чечим болгонун баса белгилеп айта алам», - деди Мадумаров.

Мадумаров партиясы үгүт иштеринен кечигип жатканын кошумчалады. Ал судьяга жана сот имаратынын сыртында адилеттикти талап кылып турган тарапкерлерине ыраазычылык билдирди.

Ошол күнү сот чечиминен кийин эле Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы шайлоонун белгиленген иш-чараларынан калып калбашы үчүн расмий каттоого алынганын маалымдады.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын иши боюнча Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы Жогорку сотко арызданбай турганын айтты.

«Шайлоо процесси активдүү фазасында экенин жана бардык саясий партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көбү Жогорку сотко арыздануудан баш тартып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоону чечти», - деди төрайым.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия катышып жатат. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. 9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында партиялардын шайлоо бюллетениндеги жайгашуу ирети аныкталды.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Борбордук шайлоо комиссиясы менен саясий партиялардын чыры шайлоо мыйзамдарынын чийкилигинен чыгууда деген пикирде.

«Бийликтин кийлигишпегенинин далили ушул. Эки учурда тең ушундай болду. Борбордук шайлоо комиссиясында партиялардын өкүлдөрү бар. Сотко караганда ал жакка басым жасоо кыйын. Бул мыйзамдардын ирээтсиздигине болуп жатат», - деди Молдалиев.​

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин маегин аудиодон толук уга аласыз.

Молдалиев: Партиялардын соту БШКнын ишинин иретсиздигин көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:33 0:00
Түз линк


Соттук жараянга партияны шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Боршайкомдун жумушчу тобунун чечимине каршы добуш берген БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев чакыртылган.

Бул өтүнүчтү 7-сентябрда «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлдөрү берип, судья аны канааттандырган.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында "талапкерлерин аныктоодо эреже бузган" деп таап, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Ага чейин БШК «Бүтүн Кыргызстандын» курултайын бекитилген тизме өзгөртүлүп калганы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун арызын карап, канааттандырган эмес.

Боршайком ушуну менен сот аркылуу экинчи партиядан утулуп жатат. Буга чейин шайлоо мыйзамдары бузулган деген негизге “Кыргызстан” партиясынын документтерин артка кайтарган. Бирок, партия БШКга каршы арыз берип, эки инстацияда тең утуп алган.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тарта жүрүп жатат.

22:48 9.9.2020

22:09 9.9.2020

22:02 9.9.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG