Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51
«Бүтүн Кыргызстан» БШКны соттон утуп алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

«Бүтүн Кыргызстан» БШК каттоодон өткөрдү

БШК «Бүтүн Кыргызстанды» каттоодон өткөрдү

20:46 9.9.2020

20:42 9.9.2020

20:42 9.9.2020

20:26 9.9.2020

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы доо арызын канааттандырган сот чечимин партиянын лидери Адахан Мадумаров "мыйзамдык чечим" деп атады.

Ал "Азаттыктын" кабарчысынын "сиздин оюңузча, сотко бийлик аралаштыбы же жокпу?" деген суроосуна:

"Бул ишке бийлик аралашып же аралашпаганы тууралуу айта албайм. Бирок Бишкектин административдик сотунун биздин доо арызды канааттандырган чечими - мыйзамдуу чечим болгонун баса белгилеп айта алам", - деп жооп берди.

Бишкектин административдик соту бүгүн, 9-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы берген доо арызын карады.

Судья Анар Эгембердиева БШКнын партияны каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарды.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында "талапкерлерин аныктоодо эреже бузган" деп таап, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттоодон баш тарткан.

Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган.

Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тарта жүрүп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG