Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Ак-Сууда үч күн тынбай жааган жамгырдан кийин автожол бузулду


Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда үч күн катары менен жааган жамгырдын кесепетинен автоунаа жолу бузулду. Бүгүн 9-сентябрда райондун жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо, жолду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 8-сентябрда түшкө маал жаандан кийин Оттук суусу ташкындап, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 94-чакырымында жолдун жарымын жеп кеткен. Жолдун 38 жана 112-чакырымдарында посттор коюлуп, убактылуу чектөө киргизилген. Азыр суунун деңгээли азайды. Адам өмүрүнө коркунуч келтирген учур болгон жок.

ӨКМ 8-сентябрда Кыргызстандын тоолуу аймактарында аба ырайы туруксуз болорун эскерткен. (RK)

XS
SM
MD
LG