Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:37

«Бүтүн Кыргызстандын» иши: сот отурумунун аудиосун түз уктурууга уруксат берилген жок


Бишкектин административдик соту. 9-сентябрь, 2020-жыл.
Бишкектин административдик соту. 9-сентябрь, 2020-жыл.

Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы берген доо арызын карап жаткан сот отурумунун аудиосун түз алып уктурууга журналисттерге уруксат берилген жок. Административдик соттун судьясы Анар Эгембердиева ушундай чечим чыгарганын Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

«Сотто күбөлөр сурак берип жатат. Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексине ылайык, судья суракка алынган күбөлөр суракка алына элек күбөлөр менен сүйлөшүп албаш үчүн ушундай чечим чыгарды. Бул мыйзамда да көрсөтүлгөн», - деди Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүкүралиева.

Күбөлөр суралып бүткөндөн кийин сот отурумунун аудиосун түз алып уктурууга журналисттерге уруксат берилди.

27-августта ушул эле сотто «Кыргызстан» партиясынын Боршайкомго каршы жазган арызы боюнча чечимди жарыялоого журналисттер киргизилбей калган. «Медиа Полиси» институту судья муну менен Кыргызстандын Конституциясын жана бир нече мыйзамдардын нормаларын одоно бузганын билдирген.

Коомчулукта резонанс жараткан соттук иштерди бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык тармактардагы өздөрүнүн баракчалары аркылуу коомчулукка түз алып беришет.

9-сентябрда Бишкектин административдик сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы берген доо арызы каралып жатат. Соттук жараянда БШКнын мүчөлөрү көрсөтмө беришүүдө.

Административдик сот «Бүтүн Кыргызстандын» арызын 7-сентябрда кечке жуук карай баштаган. Сотко кошумча күбөлөрдү чакыруу тууралуу тараптардын өтүнүчүнөн улам жараян 9-сентябрга жылдырылган.

Ушул тапта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, сот акыйкаттыгын талап кылышууда.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп, сотко берген.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG