Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Болгарияда 64 күндөн бери өкмөткө каршы акция уланууда


Cофия. 10-сентябрь, 2020-жыл.
Cофия. 10-сентябрь, 2020-жыл.

Болгарияда өкмөткө каршылыгын билдирип чыккандар 10-сентябрда кайрадан баш калаада чогулушту. Алар өкмөттүн жана башкы прокурордун кызматтан кетишин талап кылышууда. Акциялар 64 күндөн бери уланып келатат.

Митингчилер Софиядагы парламент имаратынын жанына топтолуп, «Мафия кетсин!» деп ураан чакырып, премьер Бойко Борисовдун кызматтан кетишин талап кылып турушту. Полиция тартиптин сакталышына көз салып жатты. Бейшемби күнкү акция негизинен тынч өттү.

Айдын башында миңдеген киши «Улуттук козголоң» деп аталган кыймылга кошулган. Алар Болгариянын өкмөтү жана сот системасы олигархтардын көзөмөлүнө өттү деп нааразы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG