Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

COVID-19: Дүйнө жүзүндө оору жуккан эң чоң көрсөткүч катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эсебинде, соңку бир күндө коронавирус дүйнө жүзү боюнча 307 930 адамдан табылды жана бул кезектеги антирекорд болуп калды. Бул мындан бир апта мурун катталган эн жогорку көрсөткүчтөн дээрлик миңдей учурга көптүк кылат.

Акыркы бир суткада өпкөнү сезгенткен илдеттен 5,5 миңдей бейтап көз жумду жана каза болгондордун жалпы саны 917 миң адамдан ашты.

Индияда, Бразилияда жана АКШда ооругандар көп. Дүйнө жүзү боюнча коронавируска кабылгандар 28, 6 миллион адамга жетти.

Индия ооругандардын санына карата дүйнө жүзү боюнча экинчи орунда турат. Бул өлкөдө өткөн айда эле илдетке кабылгандардын саны эки миллион кишиге көбөйдү. Ушул айдын башынан тартып күн сайын бери дегенде миңден ашык бейтаптын өмүрү кыйылып жатат.

Европанын бир катар өлкөлөрүндө да коронавирус жуккандар көбөйүүдө. Оорудан көбүрөөк жапа чеккен аймактарда бийлик беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу чараларды күчөттү.

COVID-19дун экинчи толкуну башталган Израилде бийлик 18-сентябрдан тартып үч апталык жалпы элдик обочолонуу режимин киргизди. Мындай чектөөлөр майрамдар маалында да уланат жана ага ылайык, жарандар үйлөрүнөн 500 метрден алыс кете албайт жана мектептер, соода борборлору жабык болот.

XS
SM
MD
LG