Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Жапон өкмөтүн Ёсихидэ Суга башкармак болду


Ёсихидэ Суга былтыр жапон императору Нарухито такка отурганда жаңы Рейва доору башталганын расмий жарыялаган.
Ёсихидэ Суга былтыр жапон императору Нарухито такка отурганда жаңы Рейва доору башталганын расмий жарыялаган.

Жапонияда өкмөттүн баш катчысы, 71 жаштагы Ёсихидэ Суга бийликтеги Либерал-демократиялык партиянын төрагасы болуп шайланды. Анын жаңы кызматы жапон премьер-министри болуп дайындалышына жол ачмакчы.

Шайлоодо Ёсихидэ Суга 377 добуш алды, анын саясий атаандаштары, мурдагы коргоо министри Сигэру Исиба 68, ал эми мурдагы тышкы иштер министри Фумио Кисиде 89 упай топтоду.

Коронавирус пандемиясынын шартында добуш берүү айрым чектөөлөр менен өттү, ага бийликтеги партиянын депутаттары жана анын аймактагы бөлүмдөрүнөн үчтөн гана өкүл катышты.

Суга жапон тарыхында өкмөттүн баш катчысы болуп эң көп иштеген адам, ал бул орунга 2012-жылдын аягында дайындалган. Мурдагы премьер-министрдин жакын санаалашы Суга парламентте депутат да болгон жана ички иштер министри болуп бир жылдай иштеген. Былтыр ал император Нарухито такка отурганда жаңы Рейва доору башталганын расмий жарыялаган.

Буга чейинки өкмөт башчы, 65 жаштагы Синзо Абэ өнөкөт ичеги оорусу күч алгандан улам кызматтан кетерин 28-августта жарыялаган жана саламаттыгына байланыштуу иш милдеттерин аткара албай калганы үчүн элинен кечирим сураган. Ал жапон тарыхында премьер-министрдин кызматында эң көп убакыт отурган адам болуп калды.

XS
SM
MD
LG