Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Бишкек соту «Вефа» соода борборунда ижарачылардын ишине уруксат берди


«Вефа» соода борбору.

18-сентябрда Бишкек шаардык соту «Вефа» соода борборунун имаратын камакка коюу жөнүндөгү Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча доо арызды карап, анын айрым бөлүктөрүн өзгөрттү.

Бишкек шаар сотунун чечимине ылайык, «Вефа» соода борборунун имараты камакта кала берет. Бирок андагы ижарачыларга ишин улантууга уруксат берилди.

7-сентябрь күнү Биринчи май райондук соту «Вефа» борборунун имаратын камакка коюп, «Аруу жылдыз» компаниясына борбордогу кыймылсыз мүлктү колдонууга тыюу салган. Буга нааразы болгон ижарачылар апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

«Вефа» соода борборуна ээлик кылган «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коому түрк өкмөтүнө караштуу «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы менен үч жылдан бери соттошуп келет. Талаш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үчүнчү айлампада каралууда.

Түркиялык компания менен «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун талашына байланыштуу иш райондук, шаардык сотто каралган. Жогорку сотко эки жолу барып, кайра артка кайтарылган.

Түркиялык «Өзгүн Иншаат» компаниясы 2016-жылкы соода борбору алды-сатты келишими мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн билдирип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG