Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу маалымдоо жана үгүт иштерин контролдоо боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого талапкер катары каттоосун жокко чыгарууну сунуш кылды. Бул тууралуу 18-сентябрда «Азаттыкка» БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди:
«Карап чыгышты. Бул маселени Боршайкомдун жакынкы жыйынына чыгарышат».
Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген.
Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, акча фонддон бөлүнгөнүн билдирген.
Ошентип, сүйүнчү акча тууралуу расмий маалымат үч жолу өзгөртүлгөн.
Төраганын фонду - мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе - шайлоочуну сатып алуу болот.
Ушундан улам БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Кыргызстан» партиясын шайлоо жарышынан четтетүүнү сунуш кылып, комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнөн колдоо таба алган эмес. Спикердин келинге акча бергенине байланыштуу маселени БШКнын карамагындагы жумушчу топ карап чыкмай болгон.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага үгүткө катышпай жатканын, аймактарда иш сапарында жүргөнүн, буга «Жогорку Кеңештин макамы жөнүндө» мыйзам жол берерин билдирген.
Кыргызстанда 120 орундуу парламентке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (RK)