Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Кыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлер 3200гө жакындады


Бишкекте бейтапты кабыл алып жаткан дарыгер.

Кыргызстанда бир сутка ичинде өлкө боюнча эки медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Экөө тең Баткен облусунан. Андан тышкары COVID-19 илдети жуккан төрт медкызматкер ооруканалардан, үй карантининен 18 дарыгер айыгып чыкты.

Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 199 учур катталды, алардын ичинен 2 801и айыкты. Расмий маалымат боюнча, коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери 70тен ашык медицина кызматкерлери бул оорудан каза болду.

Саламаттык сактоо министрлиги 11-сентябрда илдет жуккан 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон, ал эми вирустан каза болгон 21 дарыгердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон кенемте төлөнгөнүн кабарлаган.

Өкмөттүн чечими менен иш учурунда коронавирус жугуп, каза болгондордун жакындарына бир миллион сомдон кенемте берилиши керек. Ал эми вирус жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон кенемте каралган. (BTo)

XS
SM
MD
LG