Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Европада коронавирус чектөөлөрүнө каршылардын акциясы өтүүдө


Лондондо коронавирус чектөөлөрүнө каршы чыккандар. 19-сентябрь, 2020-жыл.
Лондондо коронавирус чектөөлөрүнө каршы чыккандар. 19-сентябрь, 2020-жыл.

Германиянын Дюсселдорф шаарында коронавирустун жайылуусун ооздуктаган чектөөлөргө каршы нааразылык акциясы башталды. Уюштуруучулар 20-сентябрда 50 миңдей адам чыгары күтүлүп жатканын билдиришти.

19-сентябрда коронавирус чектөөлөрүнө каршы демонстрациялар Британиянын баш калаасы Лондондо өткөн. Анын катышуучулары полиция менен кагылыша кетишти.

Британ өкмөтү COVID-19 илдети кайрадан жайыла баштаганына байланыштуу алты кишиден көп чогулууга тыюу салган. Ошондой эле премьер-министр Борис Жонсон ишембиде жарыялаган билдирүүгө ылайык, коронавируска чалдыккан адам үйдө отурбаса 12 миң доллардай айып салынат. Британия Европадагы коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча алдыда. Падышалыкта бул илдет 42 миңдей адамдын өмүрүн алды.

Беткап тагынууга жана башка чектөөлөргө каршы жүздөгөн адамдар Румыниянын баш калаасы Бухарестте да демонстрацияга чыгышты.

Соңку бир апта ичинде коронавируска чалдыккандар көбөйө баштагандыктан, Европадагы көп ири шаарларда чектөөлөр катаалдашты.

Дүйнөдө COVID-19 955 миңдей адамдын өмүрүн алды. Отуз миллиондон көп адам бул ооруга чалдыкты.

XS
SM
MD
LG