Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 08:38

22-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.

22-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз тоолуу райондордо жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндуз 14...19,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз 3...8° болот.

Бишкек шаарын ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 22…24° болот.

XS
SM
MD
LG