Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Чынара Турдалиева Келдибековдун арызы боюнча сотко чакырылды


Чынара Турдалиеванын атына соттон келген чакыруу.
Чынара Турдалиеванын атына соттон келген чакыруу.

Парламенттин мурдагы депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Чынара Турдалиева Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибековдун доо арызынын негизинде сотко чакырылганын «Азаттыкка» 22-сентябрда билдирди.

Анын айтымында, чакыруу Бишкектеги өзү жашаган дарекке келген.

Турдалиева Келдибеков «Фейсбукка» жазган билдирүүсү үчүн сотко бергенин айтып, чакыруунун көчүрмөсүн көрсөттү. Анда Келдибековдун иши боюнча жоопкер катары 22-сентябрда саат 10.00гө Бишкектин Октябрь райондук сотуна келиши керек экени жазылган.

Буга чейин Акматбек Келдибеков анын быйыл 26-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазган билдирүүсү үчүн «ар-намысыма шек келтирди» деп, Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылган жана беш миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Ал билдирүүсү жеке пикири экендигин айткан Чынара Турдалиева Нарында жүргөндүктөн сотко барбаганын кабарлады.

Акматбек Келдибеков өзү жана анын адвокаттары буга комментарий бере элек. Алар менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

4-октябрга белгиленген жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоого Чынара Турдалиева «Ата Мекен», Акматбек Келдибеков «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен баратат. (NT)

XS
SM
MD
LG