Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Жалал-Абадда эттин баасы 420 сомго көтөрүлдү


Жалал-Абаддагы касапканада тартылган сүрөт. 22-сентябрь, 2020-жыл.
Жалал-Абаддагы касапканада тартылган сүрөт. 22-сентябрь, 2020-жыл.

Жалал-Абадда эки жумада уйдун этинин баасы 40 сомго чейин кымбаттап, бир килограммы 420 сомго чыкты. Маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусундагы жетектөөчү адиси Алишер Кошалиев тастыктады. Койдун эти да ушул баада сатылууда.

Эттин кымбатташынын себебин сатуучулар малдын коңшу Өзбекстанга көп ташылып жатканы менен байланыштырышты.

Сентябрдын башында уй этинин бир килограммы 360-380 сомго сатылган.

Жалал-Абаддын борбордук базарындагы эт саткан күркөлөрдө жылкы этинин бир килограммы 350 сомдон сатылууда. Чучуктун бир килограммы 900 сомго чыкты.

Жалал-Абад шаарында эт саткан 52 жай бар.

Бишкекте да соңку күндөрү эт кымбаттап, килограммы 380-400 сомдун тегерегинде болууда. (TB\SE)

XS
SM
MD
LG