Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Тажикстанда ийне жуткан жоокер 2,5 жылга соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы аскер соту жоокер Варидун Зиевуддиновду аскердик милдетин өтөөдөн качкан деп таап, 2,5 жылга эркинен ажыратты. «Азаттыктын» тажик кызматы ал армияда жүргөндө төрт ийне жутуп алганын жазган.

21 жаштагы Зиевуддинов ушул жылдын апрель айында армияга чакырылган. Сот материалдарында ал ийнелерди атайын жутуп алганы, ооруканага жатып чыккандан кийин үйүнө кетүүнү көздөгөнү жазылган. Жоокердин жакындары болсо сот адилетсиз чечим чыгарганын, ал армиядан качыш үчүн мындай тобокелчиликке барбай турганын айтышууда. Жоокердин апасы Дилором Зиевуддинова «Азаттыктын» тажик кызматына уулу армияда зордук-зомбулукка кабылып, ийне жутууга мажбурланган болушу мүмкүн деп боолголойт.

Тажик армиясында мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Ушул жылдын июль айында Дүйшөмбүдөгү аскер соту Отабек Ибрагимовду армияда кызмат өтөөдөн качкан деп таап, эки жылга эркинен ажыраткан. Ал армияга келгенден көп өтпөй эле 17 майда таш жутуп алганы белгилүү болгон. Анда да жоокер армияда кызмат өтөбөш үчүн ушундай кадамга барганы айтылган.

Тажикстандык укук коргоочулар армиядагы шарттын катаалдыгынан жана зордук-зомбулуктун айынан уландар аскерге барбаганга аракет кылышарын белгилешет. Өлкөнүн Коргоо министрлиги болсо мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG