Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан жети аял талапкерликтен баш тартты


«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлери.
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлери.

Шайлоого аттанган «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан жети аял талапкер чыгып кетти. Бул тууралуу 22-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болгонун БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Азаттыкка» маалымдады.

Анын айтымында, аял талапкерлер өз каалоосу менен талапкерликтен баш тартышты. Азырынча ал талапкерлердин аты-жөнү айтыла элек.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, парламентте гендердик квота 30% болууга тийиш. Укук коргоочулар иш жүзүндө мындай квота сакталбайт деп айтып келишет. Аял депутаттар мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырса, алардын ордуна эркектер келген учурлар көп.

Азырынча “Мекеним Кыргызстан” партиясы аял талапкерлердин баш тартышы боюнча маалымат бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG