Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-октябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 11:17

Дин кызматкерлери мамлекеттик тил күнүн белгилешти


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы түрдүү дин өкүлдөрү, диний кызматкерлер Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыздын белгилүү акын-жазуучуларынын чыгармаларын окуп, видео-челленж уюштурушту.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы аны «диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашырууда кыргыз тилин жайылтуу» деп сыпаттады.

Комиссия төрагасы Зайырбек Эргешов кыргыз тили дин аралык жана улут аралык ымаланы бекемдөөчү көпүрө болушу зарыл экенин белгиледи.

Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынганына 31 жыл болду. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий макамга ээ.

Тил күнүнө карата иш-чаралар башка мекемелерде да уюштурулуп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды бул дата менен куттуктап, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында мүчүлүштүктөр бар экенин белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG