Минск шаарында административдик мыйзам бузуу боюнча айыпталып оппозициялык лидерлердин бири Мария Колесникованын жактоочусу Людмила Казак кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгы Казак калаадагы милиция бөлүмдөрүнүн биринде экенин кабарлады. Адвокат кайсы административдик мыйзам бузуу үчүн айыпталып жатканы айтыла элек.
«Интерфакс» жума күнү Мария Колесникованын сотко каршы арызы Партизан райондук сотунда карала турганын жазды. Колесникова жана адвокаттар Илья Салей менен Максим Знак учурда камакта отурушат. Алар Беларустун коопсуздугуна коркунуч келтирүү аракетине чакыруу боюнча айыпталууда. Жергиликтүү укук коргоочулар камакта отургандар саясий туткун экенин айтып жатышат.
Беларуста 9-августтагы шайлоонун расмий жыйынтыгында өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени жарыяланган. Буга ишенбеген жүз миңдеген эл ошондон бери митинг, жүрүш, иш таштоо уюштурууда.