Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

АКШда Трамп менен Байдендин алгачкы телетаймашы өттү


АКШда президенттик талапкерлердин алгачкы телетаймашы өттү. Республикалык партиянын талапкери, азыркы президент Дональд Трамп менен Демократиялык партиядан талапкер болгон Жо Байдендин дебаты Огайо штатындагы Кливленд шаарында өттү.

Коронавируска байланыштуу аз гана адам киргизилген жайда өткөн дебатта АКШнын Жогорку сотунун судьясын шайлоо, шайлоо мыйзамдарын сакталышы, пандемиядагы кабыл алынган чечимдер, экономикадагы абал боюнча талкуу жүрүшү керек болчу.

Телетаймаштын жүрүшүндө бул маселелер үстүртөн талкууланып, Трамп менен Байден дебаттын биринчи мүнөтүнөн тартып эле кайым айтышка өттү. Буга байланыштуу көптөгөн маалымат каражаттары талапкерлердин дебатын «башаламан» өткөнүн жазып чыгышты.

Телетаймашта Жо Байден Трамптын пандемия маалындагы аткарган ишин сынга алып, анын кесепетинен 200 миңдей америкалык каза болгонун эскертти. Дональд Трамп болсо СOVID-19 менен күрөштө федералдык бийлик медициналык жабдык, беткап менен камсыз кылганын жана жетиштүү болгонун билдирди.

Ошондой эле Байден ушул аптада "The New York Times" басылмасы жазып чыккан иликтөөнү мисалы кылып, АКШнын учурдагы президентин салык төлөгөн жок деп айыптады.

Ал эми Трамп болсо Жо Байден өлкөнүн вице-президенти болуп турган учурда уулу Хантер Байден бир нече өлкөдө ыңгайлуу келишимдерге кол койгонун эске салып, сынга алды.

Президенттикке талапкерлердин алгачкы телетаймашы абдан кызуу өтүп, Трамп менен Байден бири-бирин «жалганчы», «маскарапоз» деп айыптоого чейин жетишти.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Талапкерлери бул шайлоо кампаниясынын алкагында дагы эки жолу телетаймашка чыгат.

XS
SM
MD
LG