«Жалалабадэлектро» 4-октябрь күнү шайлоо участкаларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылыш үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул жөнүндө «Азаттыкка» «Жалалабадэлектро» ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады. Ишкананын маалыматына ылайык, компания облустагы 430 шайлоо тилкесин тейлейт. Ар бир участокко бирден электромонтёр бөлүнүп, шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктаганча нөөмөттө турат. Мындан сырткары, ар бир көмөк чордондордо энергетиктер күзөттө болушат, ошондой эле район-шаарларда кошумча 53 көчмө топ түзүлүп, ыкчам аракеттер көрүлөт.
Жалпысынан шайлоо күнү «Жалалабадэлектро» ишканасынын 720 кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт.
4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өтөт. Шайлоого 16 саясий партия ат салышууда. (TB)