Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

АКШдагы ири авиакомпаниялар 32 миңден ашык кызматкерин кетириши мүмкүн


Кошмо Штаттардагы эң ири «American Airlines» жана «United Airlines» авиакомпаниялары 1-октябрдан тартып 32000ден ашык кызматкерди бошотууну пландап жатат. Буга АКШ бийлигинин авиация тармагын колдоо боюнча финансылык пакетинин мөөнөтү бүткөнү себеп болууда. Буга чейин Конгресстин чечими менен 25 миллиард доллардан ашык жардам алган авиакомпаниялар сентябрдын аягына чейин кызматкерлерди бошотпоого милдеттенме алган.

Учурда президент Дональд Трамптын администрациясы коронавирустун кесепетин жоюу боюнча жаңы чаралар пакетин Демократиялык партиянын өкүлдөрү басымдуулук кылган Өкүлдөр Палатасы менен макулдашууга аракет кылууда. Ага ылайык, коронавируска байланышкан кризистен жапа чеккен авиация тармагына кошумча 25 миллиард доллар жардам көрсөтүлүшү керек. Ал эгер мындай документ кабыл алына турган болсо ири авиакомпаниялар кетирчү кызматкерлерди дагы алты айга бошотпой турарын билдирди.

30-сентябрда Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен финансы министри Стивен Мнучин көптөн бери биринчи ирет жолугуп, жаңы жардамдардын пакети боюнча мунаса табыш үчүн сүйлөштү.

Дүйнөгө тараган коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдө, анын ичинде АКШда учак каттамдары азайды.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, АКШда пандемиядан улам 206 миңден ашык адам каза болду. Ал эми дүйнө боюнча каза болгондордун саны миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG