Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Жээнбеков: Путин Кыргызстан боюнча коюлган бир да маселеге «жок» дей элек


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 28-сентябрь, 2020-жыл.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 28-сентябрь, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-октябрда КТРКнын «Биринчи радиосу» менен кезектеги маегинде Орусия жана Венгрияга болгон сапары тууралуу суроолорго жооп берди. Жээнбеков Орусияга барганда орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда кеңири сүйлөшүү болгонун айтты. Эки өлкөдөгү сапары Кыргызстанга пайдалуу жана жемиштүү болгонун, анын жыйынтыктары келечекте көрүнө турганын белгиледи:

«Орусия - билесиздер, биздин эң жакын, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Орусия менен бүт тармактар боюнча абдан жогорку деңгээлде, ждигердүү иштеп жатабыз. Орусия тарабынан дагы ошондой мамиле болуп, бүт тармактар боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. Сочиде Владимир Владимирович менен кеңири сүйлөштүк. Кызматташуунун бардык тармактары камтылды. Көп маселелер талкууланды. Биз койгон маселелердин баарын тең эле Орусиянын президенти ар дайым колдойт, колдоп келатат. Өзүнүн да кыргыз элине, Кыргызстан мамлекетине өзгөчө жылуу мамилеси бар. Мен үч жылга жакын убакыттан бери жолугуп, байланышта иштеп келе жатам. Бир да жолу Кыргызстан боюнча коюлган маселеге «жок» дей элек. Бул жолугушуу да ошондой болду. Бүт тармактар боюнча абдан жакшы, кеңири сүйлөшүү болду».

Сооронбай Жээнбеков Орусия лидери Владимир Путин менен Сочиде 28-сентябрда жолугушкан.

Эки тараптуу сүйлөшүүдө Жээнбеков Кыргызстанга саясий жана экономикалык жактан колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Орусияга ыраазычылык билдирген. Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданганын айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атаган.

Президенттин сапары Кыргызстанда парламенттик шайлоого беш күн калганда, бийликчил деген «Биримдик» партиясынын лидери, депутаттыкка талапкер болгон Марат Аманкуловдун эгемендикке жана Орусияга байланышкан талаштуу билдирүүсү талкууланып жаткан кезге туш келген. Кыргыз коомчулугунда президенттин Орусияга кыска мөөнөттөгү жумушчу сапарын парламенттик шайлоо менен байланыштыргандар да болгон.

Сочиден кийин ошол эле күнү Жээнбеков Венгрияга эки күндүк сапар менен барган. Анын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтык тууралуу бир катар келишимдер түзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG