Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Шайлоого 300гө жакын эл аралык байкоочу көз салууда


Бишкектеги добушканалардын бири. 4-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги добушканалардын бири. 4-октябрь, 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу көз салып жатат.

Алар 33 эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн келишкен. Мындан тышкары 77 жарандык коомдун жана шайлоодо ат салышып жаткан 16 саясий партиянын байкоочулары да добушканаларда жараянга байкоо жүргүзүүө. Байкоочулар БШКнын каттоосунан өтүшкөн.

Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда. Соңку тактоолор боюнча Кыргызстанда добуш берүүгө укуктуу 3 523 554 шайлоочу бар.

Добуш берүү участокторунда 31 483 адам иштей турганы кабарланган. Жалпы өлкөдө 2 430 добуш берүү участогу уюштурулган. Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар үчүн 45 шайлоо тилкеси иштеп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG