Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышуу уланууда


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 4-октябрда өз аймагындагы Тертер жана Горадиз шаарларына Тоолуу Карабактагы жикчилдер ээлеп турган аймактан ракетадан атууга «адекваттуу жооп» кайтарганын кабарлады.

«Учурда Армениянын Куралдуу күчтөрү Физулин районундагы Тертер жана Горадиз шаарларына Тоолуу Карабактын аймагынан сокку урууда», деп айтылат Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Азербайжан «адекваттуу чаралар» деп эмнелер айтылганын тактаган жок. Бирок «France-Presse» агенттигинин кабарчылары Тоолуу Карабактын башкы шаары Степанакертте жарылуу болуп, бир нече имарат ракетадан аткыланып жатканын кабарлады.

3-октябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев өз өлкөсүнүн аскерлери Тоолуу Карабактагы бир нече кыштакты ээлегенин билдирген. Азырынча Армениянын бийлиги азери президентинин билдирүүсүн ырастай элек, бирок өлкөнүн Коргоо министрлиги айыгышкан салгылаш болуп жатканын жарыялаган.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 3-октябрдагы элге кайрылуусунда акыркы окуяларды армян элинин миң жылдык тарыхындагы «чечүүчү учуру» деп атады.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабакта куралдуу чатак 27-сентябрдан бери уланууда. Анын айынан эки тараптан ондогон кишилер каза болду.

БУУ баштаган эл аралык коомчулук расмий Баку менен Ереванды атышууну тезинен токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып жатат.

XS
SM
MD
LG