Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

БШК: Саат 14:00гө карата шайлоочулардын 28% добуш берди, Ош эң активдүү болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда саат 14:00гө карата 990 492 адам добуш берди. Бул каттоого алынган жалпы шайлоочулардын 28% экенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарынын шайлоочулары эң активдүү болууда – ал жакта шайлоочулардын 35% добуш берди. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл облусунда байкалып, шайлоочулардын 25% келди.

Бишкекте шайлоочулардын 27% добуш берди.

Бүгүн Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 мандат үчүн 16 саясий партиядан эки миңден ашуун талапкер ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG