Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

БШКнын алдын ала маалыматы боюнча беш партия парламентке өтөт


Кыргызстандагы парламенттик шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл
Кыргызстандагы парламенттик шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялап жатат. Жергиликтүү саат кечки сегиз жарымда добуштардын 82% саналып бүттү.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына ылайык, 3,5 миллиондон ашуун катталган шайлоочунун 1,6 миллиондон ашууну (46,12%) добуш берди.

Баштапкы маалыматка ылайык, беш партия 7% шайлоо босогосун өттү:

  • «Мекеним Кыргызстан» - 24,57%
  • «Биримдик» - 24,29%
  • «Кыргызстан» - 9,21%
  • «Бутун Кыргызстан» - 7,16%
  • «Мекенчил» - 7,05%

Калган 10 партиянын көрсөткүчтөрү:

  • «Республика» - 5,99%
  • «Ата Мекен» - 4,15%
  • «Ыйман Нуру» - 3,45%
  • «Бир Бол» - 2,92%
  • «Чон Казат» - 2,42%
  • «Замандаш» - 2,21%
  • «Социал-демократтар» - 2,12%
  • «Реформа» - 1,59%
  • «Мекен Ынтымагы» - 0,67%
  • «Ордо» - 0,23%
  • "Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" - 0,17%
  • Баарына каршы - 1,82%

Эске салсак, бул электрондук урналардан келген алдын ала маалымат. БШК толук жыйынтыкты кагаз бюллетендерди санап бүткөндөн кийин гана чыгарат.

XS
SM
MD
LG