Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Акрам Мадумаров: Шайлоо боюнча ар бир фактыны карап, маселени чечүү - милдетибиз


Акрам Мадумаров.

Шайлоого байланыштуу арыз-даттанууларга үч күн ичинде жооп берилиши керек. Бул тууралуу 5-октябрда “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди:

“Социалдык түйүндөрдөн, тараптардан, жарандардан бир топ арыз-даттануулар берилди. Кээ бир фактылар боюнча ыкчам чечимдер кабыл алынды. Борбордук шайлоо комиссиясы бул жаатта иштеши керек. Ал эми прокуратура жана тийиштүү укук коргоо органдары тергөө амалдарын жүргүзүп, шайлоо мыйзамдарында көрсөтүлгөн үч күн ичинде жооп бериши зарыл. Ар бир факт боюнча карап, маселени чечүү – милдет”.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү.

5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган митинг өттү. Анда шайлоого катышкан 12 партия БШКдан шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүү кабыл алышканы айтылды.

Митингчилер шайлоодо добуш сатып алуу өтө көп болгонун, шайлоочулар коркутуп-үркүтүүгө кабылганын айтып, бул үчүн бийликти сындашты.

Ушу тапта митингчилерди милиция таратууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG