Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Аянттагы митинг күч менен таркатылууда (видео)


Митингди таркатууга барган күч түзүмдөрү.
Митингди таркатууга барган күч түзүмдөрү.

Аянтка митингге чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, катуу үндүү граната, суу чачып таркатууда. Акциянын катышуучулары Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынын тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан. Милиция, ОМОН кызматкерлери митингдегилерди экиге бөлүп, атайын автоунаа жана иттердин жардамы менен кубалоодо.

«Азаттык» радиосунун кабарчыларынын түз эфиринен айрым жарадар болгон атуулдарды да көрсө болот. Митингчилер атылган октон жана түтүндөн улам тарап жатат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү.

5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган митинг уюштурулган. Анда шайлоого катышкан 12 партия БШКдан шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүү кабыл алышканы кабарланган.(BCh)

XS
SM
MD
LG