Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Бекешев: Жаңы спикер шайланып, бийликтин мындан аркы кадамы аныкталышы керек


Митингчилер УКМК имаратынын жанында.
Митингчилер УКМК имаратынын жанында.

Бишкектеги болуп жаткан окуялардын айланасында Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Дастан Бекешев мыйзамсыздык болуп жатканына өкүнөрүн, мындан ары мамлекеттик бийликти сактап калуу зарыл экенин билдирди.

«Мыйзам үстөмдүк кылсын десек, азыр VI чакырылыштын депутаттары жаңы төрага шайлап, мамлекеттин эми эртеңи кандай болот деген маселени чечиши керек», - деди ал «Азаттыкка».

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Азыркы тапта Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялар митингди улантууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG