Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 12:31

Асрандиев: Өкмөт пенсия, жөлөк пулдарды убагында берет


Эркин Асрандиев.

Өкмөттүн курамынын 8-октябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бийлик эл алдындагы социалдык жоопкерчиликти толук тартышы керек экенин айтты. Мамлекеттик органдардын иши штаттык режимде уланып, кышкы жылуулук сезонуна байланыштуу иштер үзгүлтүккө учурабаш үчүн болгон аракет жасалары айтылды.

Пенсия, жөлөк пулдар маалында берилери, жугуштуу оорулардын алдын алуу иштерине даярдыктар жыйында талкууланды.

«Мындай оор маалда мамлекеттик органдар элдин кадыресе турмушуна өзгөчө маани бериши керек», - деди Асрандиев жыйында.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG