Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды.

Садыр Жапаров өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул өкмөттүн курамы менен иштебей турганы белгилүү болду.

Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин ушул жыйынында айтты. Ал бул идеяны сегиз жыл мурда көтөргөнүн, азыр анын мааниси кеткенине токтолду.

Журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.

20:48 10.10.2020

Кыргызстандын жаңы шайланган өкмөт башчысы Садыр Жапаров журналисттерди жемкорлук менен күрөштө көмөктөшүүгө чакырды. Ал бул тууралуу 10-октябрда өткөн маалымат жыйында «Азаттыктын» журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Мындан ары журналисттер коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мен силердин күчүңөргө таянам. Силердин жардамыңар керек. Мисалы, Али Токтакуновдун программалары сыяктуу иликтөөлөрдүн авторлоруна рахмат айтуунун ордуна, бийлик тескерисинче аларды каралаган учурлар болду. Эми ар бир журналист ошондой иликтөөлөрдү жасаңыздар. Коррупцияны иликтеп, тактап, бирок бир тараптуу болбосун.

Журналисттик иликтөөдө жемкорлук кылганы далилденген ким кандай макамда болбосун жазага тартыларын кошумчалады.

10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу өкмөт түзүлгөндөн кийин кызматтан өз арызы менен кетерин жарыялаган. Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып, Жээнбеков бул убаданы аткарарын ырастады.

20:07 10.10.2020

Садыр Жапаров: Президент өз арызын жазса, экс-президент деген макамы сакталат, жазбаса импичмент маселеси болот. Анда иш козголот.

20:06 10.10.2020

Садыр Жапаров: Эл талап кылып шайлоого бар десе барам, барба десе барбайм.

20:05 10.10.2020

Садыр Жапаров: Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп эсептелет. Орусияга көп жагынан көз карандыбыз. Сөзсүз алар менен иштешебиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG