Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Орус президентинин өкүлү Бишкекке келгени кабарланды


Дмитрий Козак.
Дмитрий Козак.

13-октябрда Бишкекке Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак келгени кабарланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» ишенимдүү булактар билдиришти. Алынган маалыматка ылайык, Кремлдин өкүлү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, өлкөдөгү акыркы кырдаалды талкуулайт. Учурда бул тууралуу президенттик аппарат маалымат бере элек.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламенттин бир катар депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандыкта абактан тарапташтары бошоткон Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы белгилүү болгон. Андан кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Жапаров ишке расмий киришкенин жарыялады.

Парламенттеги башка бир топ депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттү дайындоо боюнча жарлыкка кол кое элек. Президент үч күндүк мөөнөттө премьер-министрди жана өкмөттү үч күн ичинде жарлык чыгарбаса, өкмөт дайындалды деп эсептелет.

Буга чейин Жээнбеков абал турукташкан соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG