Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Өкмөт: Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтарга жаңы жетекчилерди дайындады


Садыр Жапаров. 10-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров. 10-октябрь, 2020-жыл.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 14-октябрда тараткан маалыматка караганда «Садыр Жапаров люстрация жараянын тездетүү, мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматтарга жаңы кадрларды тартуу максатында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр боюнча чечимге кол койду».

Ага ылайык:

Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) өкмөт аппаратынын башчысынын милдетин аткаруучу;

Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) ички иштер министринин милдетин аткаруучу;

Абдылдаев Сагынбек Токонович (1969-жылы туулган) Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;

Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;

Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Өкмөткө караштуу расмий gov.kg сайтында жайгаштырылган маалыматта Садыр Жапаров аты аталгандарды жогорудагы кызматтарга дайындоо тууралуу буйрукка кол койгону айтылган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ошол күнү өкмөт башчылыкка жапырт тополоң учурунда түрмөдөн тарапташтарынын күчү менен бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бирок бул отурумда кворум чогулбай калганы маалымдалган.

Парламенттин бир катар мүчөлөрү 10-октябрдагы кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду жана анын өкмөтүн бекитип бергени кабарланган, бирок анда кворум болбой калгандыгын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, Феликс Кулов сыяктуу саясатчылар, юристтер айтып чыгышкан. Жапаровдун өзү жана анан тарапташтары кворум болгонун жана мыйзамдуу шайланганын билдирип келишет.

Жогорку Кеңештин ал күнкү токтому катары сунушталган документти президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда артка кайтарган.

13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке бир добуштан шайланган.

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүү маселесин карай турганы кабарланды.

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып «люстрация - критерийлерди иштеп чыгууну талап кылган оор маселе» деп айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG