Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

Коронавирус дагы 330 кишиден табылып, эки кишинин өмүрүн алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 14-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы эки киши кайтыш болду. Анын экөө тең Баткен облусунун тургундары.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1094 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Акыркы жумаларда Кыргызстанда коронавирустун жайылышы кескин күчөдү. Оору жугузуп алгандар көбөйгөнү акыркы күндөрдө көп байкалууда. Расмий эсепке караганда, вирус күн сайын 300дөй кишиден лабораториялык жол менен аныкталып жатат.

14-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 330 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 50 201 кишиге жетти. Анын 44 884ү сакайганы айтылды. Бир күндө 172 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1960 бейтап стационарда, 1801и үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG