Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

АКШда президент Трампка каршы митинг болду


АКШ президент Дональд Трамп Де-Мойн аэропортундагы митингде. Айова штаты, АКШ, 14-октябрь, 2020-жыл.
АКШ президент Дональд Трамп Де-Мойн аэропортундагы митингде. Айова штаты, АКШ, 14-октябрь, 2020-жыл.

Уюштуруучулардын маалыматына карганда, жекшембидеги митингдер бардык штаттарда болуп, жалпы катышуучулардын саны 100 миңден ашты. Алардын көпчүлүгү – аялдар.

Вашингтондо жөө жүрүш Ак үйдүн жанынан башталып, Капитолийге жана Жогорку соттун имаратына чейин созулду. «Америка абазы» радиосу Улуттук парк кызматы марштын уюштуруучуларына алты миңден 10 миңге чейинки адамга гана митингге чыгуусуна уруксат бергенин кабарлады. «France-Presse» агенттиги Вашингтондогу жана башка шаарлардагы жүрүштүн масштабы мурунку жылдарга салыштырмалуу аз болгонун, буга коронавирус инфекциясы себеп болгонун байкаган.

2017-жылы, январда Дональд Трамптын инаугурациясынан кийинки аялдар маршына үч млн. адамга чейин катышкан.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Ага президент Дональд Трамп менен демократтардын талапкери Жо Байден катышат.


XS
SM
MD
LG