Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

ТИМ чет өлкөлүк инвесторлорду коргоо боюнча ыкчам штаб түзүүнү сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Бизнести жана чет өлкөлүк инвесторлорду коргоо боюнча ыкчам штаб түзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ТИМдин Экономикалык дипломатия департаментинин директору Эрмек Өмүралиев 18-октябрда мамлекеттик органдардын Кыргызстандын аймагында иштеген алдыңкы тоо-кен компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууну Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет Эл аралык ишкер кеңеш менен бирге уюштурду.

Өмүралиев ТИМ тоо-кен компанияларынын ишмердүүлүгүн тез арада калыбына келтирүү боюнча ыкчам чаралар сунуш кылынып жатканын билдирди.

Жолугушууга Эл аралык ишкер кеңешке мүчө болгон «Каз Минералз Бозымчак», «Вертекс Голд Компани», «Эти Бакыр Терексай», «Чаарат Заав», «Z-Explorer» тоо кен компанияларынын өкүлдөрү катышты. Анда өлкөдө саясий абал турукташып калганы айтылып, бирок тоо-кен компанияларында кыйынчылыктар бар экени белгиленди.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразыл болгондор эртеси күнү Бишкекте митингге чыгышкан. Бир нече күн бою айрым аймактарда жана баш калаада башаламандык орноп, кээ бир ишканаларга кол салуу болгону кабарланган.

Өткөн аптада Кытайдын Кыргызстандагы элчиси өлкө аймагында иштеген кытайлык жумушчуларды жана компанияларды коргоп берүүгө өкмөттөн жардам сураган. (RK)

XS
SM
MD
LG